Курулуш материал саткан дүкөндөн өрт чыкты

Чүйдө курулуш материал саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй облусунун Жайыл районунда алдын ала маалымат боюнча, Кара-Балта шаарынын «Центральный» көчөсүндө жайгашкан курулуш дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:14тө Жайыл райондук Кара-Балта шаардык №22 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 09:23тө 1 бөлүм, кошумча саат 09:38де Панфилов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылып, учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.Кошумча маалымат берилет.

image 10 11 Курулуш материал саткан дүкөндөн өрт чыкты