Быйыл 7 ай ичинде Кыргызстан Өзбекстандан 14,4 миң тонна коон жана дарбыз сатып алды

Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.

Маалым болгондой быйылкы 7 айда Өзбекстан сыртка 98,1 миң тонна коон жана дарбыз сатып, андан 26,6 млн доллар тапкан.

Өзбекстан коон менен дарбызды негизинен Казакстан (47 миң тонна), Россия (23,4 миң тонна), Кыргызстан (14,4 миң тонна), Тажикстан (9,3 миң тонна) жана Беларуска (1,9 миң тонна) саткан.