ЖКККББ Ысык-Көл облусундагы унаа жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөрдү киргизет.

Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы маалымдады.


2022-жылдын 25-26-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумунун жыйыны өтөт.
Бул иш-чараларды өткөрүү мезгилинде жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык өздүк курамы тартылып, алар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Чолпон-Атага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келишет.


Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунда Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамда, ошондой эле Чолпон-Ата-Кырчын багытында делегациялар өтүүчү маалда гана унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.


Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын мамлекеттик маанилүүлүгүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ысык-Көл облусунун тургундарын жана конокторун чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, эрежелерди жана айдоо маданиятын сактоону суранат.
Урматтуу айдоочулар, жасалма тыгындарды жана башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн унааларды жол боюнда кароосуз калтырбагыла, каршы тилкелерге чыкпагыла.