«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды

Бул тууралуу буга чейин министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

24.kg өздүк булактарына таянып Кумтөрдү мурда жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк менен компаниянын каржы директору Рыспек Токтогуловдун ордуна ЖАКты ким жетектей турганын жазды.

Маалыматка ылайык, ишкананын жаңы жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов болсо, Болотбек Идирисов ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы болду.

Белгиленгендей, экөө тең Кумтөрдө көп жылдан бери иштешет. Алмаз Барыктабасов буга чейин техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы, Болотбек Идирисов «Кумтөр Голд Компанинин» башкы менеджери болгон.