Сокулукта адамды сүзүп, окуя болгон жерден качкан маршрутканын айдоочусун кармашты

Сокулукта маршрутканын айдоочусун кармашты. Ал жөө адамды сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя 22-августта болжол менен 14:55 чамаларында «Фрунзе» гипермаркетинин жанында болгон.

«Мерседес Бенц спринтер» үлгүсүндөгү унаа 58 жаштагы адамды сүзгөн. Жабырлануучу колу сынып, ооруканага жаткырылган, ал эми айдоочу качып кеткен.

Облустук милициянын кызматкерлери маршрутканын айдоочусу 1981-жылы туулган А.У.К.ну изи сууй электе кармашты.

Унаа айып токтотуучу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүп жатат.