Мукаш Абдраев атындагы окуу жайдын директорлугуна сынак жарыяланды

Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директорлугуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, мааалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

  • “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими бар болушу зарыл;
  • жетекчилик кызмат орундарында иш стажы 3 жылдан кем эмес же педагогикалык стажы 5 жылдан кем эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • М.Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатын өнүктүрүү программасы;
  • резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
  • автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  • нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү.

Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2022-жылдын 29-августуна чейин тапшырылууга тийиш.

Байланыш телефону: +996 312 662683.