Биринчи май райондук сотунун алдында Руслан аттуу жаран оозун тигип алды

Бишкекте Биринчи май райондук сотунун жанында эркек киши сот адилетсиздигине каршы ачкачылык жарыялап, оозун тигип алды. Бул тууралуу күбөлөр видео жөнөтүштү.

Анын айтымында, ал шылуундардын курмандыгы болуп, ири суммадагы акчага алданып калган. Жалпы сумма 250$ миңди түзөт. Алгач шылуундарды эки айга камашкан, кийин алар үй камагына чыгып кеткен. Ал бир нече жолу Өкмөттүн алдына пикетке чыккан. Бирок жыйынтык чыккан эмес.

Анын иши жарым жылдан бери аягына чыкпай келе жатат.