Кыргызстандын муктаж жарандарына кытайлык офтальмологдор көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого даяр

Кыргызстанга Кытайдан алдыңкы дарыгер-офтальмологдордун келиши пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка караганда,  кытайлык дарыгерлер ушул жылдын октябрь айында «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында келишет.

“Кытайлык алдыңкы дарыгер-офтальмологдор Кыргызстандын муктаж жарандарына көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого даяр”, — деди элчи.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.