Жаркынбек Касымбеков уу коргошунду дарылык максатта колдонууга каршы

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков уу коргошунду дарылык максатта колдонууга каршы пикирде. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында билдирди.

«Уу коргошун элдик медицинада колдонуларын угуп жүрчүбүз. Анан клиникалык далили жок туруп министр, медицина илимдеринин доктору, профессор катары мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыкканын туура эмес көрөм. Ал — уу, опурталдуу зат, туура эмес ичип алса өлүмгө алып келет, ошондуктан коркунучтуу. Министр ичип атат деп өз алдынча колдонууга болбойт. Мен ага скептикалык көз караш менен карайм», — деди Касымбеков.

uu korgoshun Жаркынбек Касымбеков уу коргошунду дарылык максатта колдонууга каршы