«Бишкек-Кара-Балта-Чалдовар» унаа жолундагы жарык унаа жүрүүчү бөлүктөн 15 метр алыстыкта орнотулган

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун эл аралык жана республикалык маанидеги унаа жолдору өтүүчү калктуу конуштарында жасалма жарыктандыруунун бар экендигин аныктоо жана ишке жарамдуулугуна изилдөө жүргүздү.


Изилдөөнүн жүрүшүндө Бишкек-Ош эл аралык унаа жолунда Ново-Павловка, Военно-Антоновка, Полтавка, Петропавловка жана Ново-Николаевка айылдарында жасалма жарыктандыруу иштебей жатканы аныкталган.
«Бишкек-Кара-Балта-Чалдовар» унаажолунун батыш багытындагы тилкелеринде жасалма жарыктандыруу жарым-жартылай иштейт. Ошону менен бирге, аталган унаа жолдун 17-чакырымынан 32-чакырымына чейинки бөлүгүндө жасалма жарыктандыруучу мамычалар унаа жүрүүчү бөлүктөн 15 метр алыстыкта орнотулгандыктан, жолдун бөлүгү жарыктандырылбаганын белгилейбиз.


Ошондой эле, чыгыш багытындагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолунун Сайлык жана Искра айылдарында, жана аталган унаа жолдун Кытай менен чектеш тилкесинде жасалма жарыктандыруу жарым-жартылай иштейт.
Изилдөөнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилип, аткаруу мөөнөтү көрсөтүлдү. Кемчиликтерди жоюу иштери өз убагында аткарылбаган учурда айып салынаары эскертилди.

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

97ec0526 60ed 4fee 85ae 9c2d415cf8af «Бишкек-Кара-Балта-Чалдовар» унаа жолундагы жарык унаа жүрүүчү бөлүктөн 15 метр алыстыкта орнотулган