
Кыргызстандык спортчу Ынтымак Мурадил уулу Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында салттуу жаа атуу боюнча 1-орунду ээлеп, алтын медалга татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн тайпалык беттештер жыйынтыкталып, сыйлоо аземи өтөт.
Учурда Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын спортчулары 8 алтын, 6 күмүш жана 12 коло байге ала алышты.




