Дмитрий Биволго «Токмок шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды

Бокс боюнча WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго «Токмок шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечимди шаардык кеңеш 15-августтагы кезектеги сессиясында кабыл алды.

Белгилей кетсек, Бивол Токмокто төрөлүп, кийин Орусияга көчүп кеткен. Ал Орусиянын курама командасында ойноп, команда менен бирге буга чейин Кыргызстандын бокс боюнча курамасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотовдун чакыруусу менен Кыргызстанга машыгууга келген.