Жээнбек Кулубаев 16-17-август күндөрү Түркияга расмий визит менен барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 16-17-август күндөрү Түркияга расмий визит менен барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү, биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны өтөт. Анын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.

Андан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт.