Кыргызстан 40 криминалдуу өлкөнүн катарына кирди

Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан Кения менен Танзаниянын ортосунда жайгашып, алдыңкы 40 криминалдуу өлкөнүн катарына кирди. Изилдөөнүн жыйынтыктарын Numbeo кызматынын сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Кыргызстан 2022-жылдын биринчи жарымында кылмыштуулук боюнча 142 өлкөнүн ичинен 36-орунга чыкты. Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтинги акыркы 36 айдагы маалыматтарды колдонуу менен жылына эки жолу түзүлөт.

Өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээли кылмыштуулуктун индексин баалоонун негизинде эсептелет, ал эми 0дөн 19,99га чейинки индекс өтө төмөн кылмыштуулукту билдирет, 20дан 39,99га чейин – төмөн, 40тан 59,99га чейин – орточо, 60тан 79,99га чейин – жогорку, 80 жана андан жогору — абдан жогору.

2022-жылдын биринчи жарымында кылмыштуулук боюнча 83,16 жана 80,26 индекстери менен Венесуэла жана Папуа-Жаңы Гвинея алдыга чыккан. Бул өтө жогорку кылмыштуулуктун деңгээлин билдирет. Андан кийин Ооганстан (78,19 индекси менен 3-орун), Түштүк Африка (75,37 индекси менен 4-орун) жана Гондурас (74,66 индекси менен 5-орун) турат.

Кыргызстандын индекси 55,88ди түздү, бул орточо кылмыштуулук боюнча кабар берет. Кылмыштуулуктун деңгээли боюнча абал Кыргызстанга караганда Россияда жана Казакстанда бир аз жакшыраак. Россия бул тизмеде 94-орунда болсо, Казакстан 47-орунду ээлеген.

Ал эми Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2022-жылдын январь-июнь айларында республиканын аймагында 23,3 миң кылмыш катталган, алардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 0,7%га төмөндөгөн. Мында кылмыштардын басымдуу саны (алардын жалпы санынын 63% дан ашыгы) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.