Cадыр Жапаровдун кудасы балбандарды тосуп алып, сый көрсөтүп, саат берди

Ислам шериктештиги оюндарына катышып өлкөгө кайткан айрым спортчуларды Жогорку Кеңешинин «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев менен депутат Арсланбек Малиев тосуп алышты.

Маалыматка ылайык, Акылбек Түмөнбаев кыргызстандык балбандар Ислам шериктештиги оюндарында көрсөткөн жыйынтыктары менен сыймыктана турган болгондугун баса белгилеп, өлкөнүн намысын коргогон спортчуларга жана машыктыруучулар тобуна ыраазычылык билдирип, алдыдагы Дүйнөлүк чемпионатта жана Олимпиада оюндарына болгон даярдыктарына ийгилик каалап өттү.

«Кыргызстандын намысын коргоодо алтын медалга ээ болгон Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековго кол саат белекке берип, жалпы командага акчалай көмөк көрсөттү», — деп айтылат бидирүүдө.

Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал президенттин эжеси Акат Жапарованын күйөөсү Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

299601570 3013854308760062 5997655967445668169 n Cадыр Жапаровдун кудасы балбандарды тосуп алып, сый көрсөтүп, саат берди
299814374 3013853768760116 8546223663844990245 n Cадыр Жапаровдун кудасы балбандарды тосуп алып, сый көрсөтүп, саат берди
299679008 3013853298760163 6042939177094391524 n Cадыр Жапаровдун кудасы балбандарды тосуп алып, сый көрсөтүп, саат берди