Ош ОИИБдин кызматкерлери Бишкектен автоунаа уурдаган жаранды кармашты


2022-жылдын 12-август күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын атайын тапшырмасынын негизинде, көрүлгөн ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө Ош ОИИБнын Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында мыйзамга жат түрдө автоунаага ээлик кылган жаран кармалды. 12.08.2022 жылы Бишкек шаарынын тургуну 62 жаштагы.А.А арыз менен катталган.

WhatsApp Image 2022 08 13 at 10.10.12 1 Ош ОИИБдин кызматкерлери Бишкектен автоунаа уурдаган жаранды кармашты

Анда ал өзүнө таандык маркасы “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз атуулдар уурдап кеткенди жөнүндө арыз жазган.
Жогоруда айтылган маалымат боюча жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө Кара Суу районунун Нариман айыл аймагында төрөлгөн 25 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ш. уулу Э уурдалган авто унаа менен кармалган. Кармалган кылмышка шектүү Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы