“Наргиза 300 миң рубль алып, баланы белгисиз адамга берген”, – «Альтернатива» ыктыярдуу уюму уулун саткан аял тууралуу жаңы жагдайларды билдирди

Россиянын кулчулук жана адам сатууга каршы күрөшкөн «Альтернатива» ыктыярдуу уюму 10-августта баласын сатууга аракет кылган аялдын кармалганы тууралуу жарыялаган.

Маалыматка караганда, ыктыярчылар баласын сатууну каалаган аял менен социалдык тармак аркылуу кат алыша баштаган. Өз баласын сатууга аракет кылган кыргызстандык Наргиза аттуу келин 36 жашта. Анын 7 жаштагы уулу биринчи никесинен болгон.

«Көрсө, Наргиза аттуу аялдын 7 жаштагы уулунан тышкары, экинчи никесинен дагы эки баласы бар экен. Наргизанын айтымында, күйөөсү анын уулу менен тил табыша албай, ага каршы болгон. Алар карыздарын жабуу үчүн баланы сатууну чечишкен. Аял жарыяга 300 миң рубль баасын көрсөткөн. Ал ыктыярчы менен жолугушууга келгенде бала аны алып кетүүнү күтүп жатканын айтып, ага каршы эмес экенине ынандырган. Бул окуя ойдон чыгарылган, кимдир бирөөнүн тамашасы же шылуундардын акчага ээ болуу аракети деп аягына чейин үмүттөндүк. Бирок биздин топ Екатеринбургда Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте келишим түзүүгө кеткенде, алар баланын сатылганына түздөн-түз күбө болуп калышты. Наргиза 300 миң рубль алып, баланы белгисиз адамга берген. Аял кетейин деп жатканда ага полиция кызматкерлери келишкен», — деп жазат басылма. 

Россиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Валерий Горелихтин маалыматына караганда, сурак учурунда кармалган аял кылмышка материалдык абалынын оордугунан улам барганын билдирген.

Ошондой эле, ал күйөөсүнүн орточо айлык кирешеси 120 миң рублди түзгөнүн, үй-бүлө эки бөлмөлүү батирде жашап, өз алдынча үй куруп жатканын айткан.  Ал эми үй-бүлө башчысы аялынын кылмыш иши тууралуу билген эмес.

“Альтернатива” “мындай кырдаалда бул аялды эле эмес, шериктеш болгон күйөөсүн да соттош керек” деп белгиледи.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча, жалпысынан 1 миллион 118 миң кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Алардын бир миллионго жакыны Орусияда иштешет.