Чүйдө милиция кызматкерлерине диний агымдын таасири тууралуу окуу өттү

Чүй ОИИББда окутуу өттү – «Коомдук жашоого экстремисттик мүнөздөгү диний агымдардын таасири» деген аталыштагы окуу милициянын көзүн ачты.

Чүй ОИИББнын өздүк курамына, Кыргыз Республиасынын ИИМнин ЭММКАКнын кызматкерлери, экстремисттик мүнөздөгү диний агымдардын элдин жашоосуна жана жаш муунга болгон терс таасири жөнүндө окутуу өтүштү.


Милициянын полковниги Аманбаев М.К., Кыргызстандагы экстремисттик деп табылган уюмдар, адабияттар жана интернет булактарындагы басылмалар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле укук коргоо органдарынын көрүлүп жаткан
каршы чаралары, күрөшүү ыкмалары жана көпчүлүктү руханий туура тарбиялоодо коомчулукту, салттуу дин кызматкерлерин тартуу керектигин жана алардын орду чоң экенин баса белгиледи.

Окутуу сүрөттөр жана видеотасмалар менен коштолуп, максаты – калкты руханий туура тарбиялоо жана бул багытта ички иштер кызматкерлеринин кошкон салымы.

WhatsApp Image 2022 08 12 at 11.14.05 1 Чүйдө милиция кызматкерлерине диний агымдын таасири тууралуу окуу өттү

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы