15-августтан 25-августка чейин борбор калаага кире бериштердин бири жарым-жартылай жабылат

Бишкек — Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун алкагында жасалып жаткан курулуш иштерине байланыштуу 15-августтан 25-августка чейин борбор калаага кире бериштердин бири жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим курулуш учурунда жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

“Алгач Бишкек шаарынын Б.Алыкулов көчөсү жана Дэн Сяопин проспектисинин кесилишкен бөлүктөрүнүн түштүк тарабы андан кийин түндүк тарабындагы бөлүгү жабылат. Транспорт каражаттарына айланма жолдор камсыздалат”, — деп айтылат маалыматта.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги түзүлө турган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана жол тыгындарын алдын алуу үчүн айдоочуларды башка альтернативдүү жолдор менен колдонууга чакырат.