Бишкекте «кайгуулчу» болгон белгисиз адамдар милицияга жеткирилди

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, видеодогу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызмат кийимин кийип турган жарандар 26 жаштагы А.Т. жана 18 жаштагы А. у. К, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин катарында кызмат өтөбөйт.

«Аталган тасма боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат, териштирүүнүн жыйынтыгы менен толук маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда эки жарандын өздөрүн кайгуул кызматкери кылып көрсөтүп, жол жээгинде унааларды токтотуп жаткан видео тарап, талкууга алынган.