Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды.

IMG 20220813 140655 199 Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө мезгилдер өтүп, замандын өзгөрүшү менен жаратылыш, табият да бир топ өзгөрүүлөргө учурап жатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатканын белгиледи. Жер жүзүндө жаратылыш кубулуштарынын, табият кырсыктарынын же өзгөчө кырдаалдардын саны өстү, алкагы кеңейди.

 «Глобалдык шарттар, климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. Мунун баары бизден жаратылыш кырсыктарын, мүмкүн болгон башка тобокелдиктерди алдын алууга, кесепеттерин жоюуга колдо болгон күч-аракетерди арттырууну, көбөйтүүнү, жаңылоону талап кылат.

Өрт коркунучу, сел, жер көчүү, жол кырсыктарынан, химиялык, инженердик, медициналык жана башка кооптуу жагдайлардан улам кырдаал андан бетер татаалдашып, адам өмүрүн алып кеткен өтө кейиштүү учурлар да болбой койбойт», — деди Садыр Жапаров. 

 Президент адам өмүрүнөн өткөн байлык жок экенин баса белгиледи.  Эң негизгиси адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды башка мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо милдетин аткаруу , ошол эле учурда кандай гана кырсык болбосун, шашылыш жардамга муктаждык жана тез чара көрүү — ар бир мүнөт маанилүү экенин билдирди.

«Кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу — кечиктирилгис зарылчылык. Мындай шартта бизде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу техника жана каражаттар болушу керек.

Зарыл болсо, заманбап технологиялар жардам жана тез жооп жардам берүү үчүн колдонулат. Демек, мунун баары тез арада тиешелүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Албетте, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзүлгөндөн бери көрүлгөн профилактикалык иш-чаралар миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, көптөгөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга шарт түздү.

129555.jpg w780 h500 resize Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды

Куткаруучулар өз милдеттерин татыктуу аткарып, эл аралык гуманитардык операцияларда чоң тажрыйбага ээ болушту. Бирок учурдун талабына ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык потенциалын чыңдап, атайын инженердик жабдуулардын, коммуникациялардын жаңы үлгүлөрү менен камсыз кылуу эбак эле артта калды. Куткаруучуларыбызды заманбап кубаттуу техникалар менен камсыз кылуу мамлекеттин кубаттуулугун көрсөтөт,  элдин бийликке болгон ишенимин арттырат, ар кандай кырсыктарда куткаруу кызматын күтүп жаткан жарандардын ажатын ачып, өмүрлөрүн сактап калууда. Биз бул жагдайды жакшы билебиз жана анын үстүндө иштеп жатабыз», — деп белгиледи Малекет башчысы. 

IMG 20220813 140646 567 Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды
IMG 20220813 140640 788 Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды
IMG 20220813 140643 461 Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды