Кара-Балта капчыгайында жол кырсыгы катталды

0
23

Жайыл районуна караштуу Кара-Балта капчыгайында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Маалым болгондой, 2-августта катталган жол кырсыкта эки чоң жүк ташуучу унаа кагышкан.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Кырсыктын кесепетинен жолдо унаа тыгыны пайда болгон.