14-кабатта өрттүн чыгышына курулуш материалдарынын кароосуз калгандыгы себеп болгон

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин борборунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн алдын ала себебин атады.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, көп кабаттуу үйдүн 14-кабатында өрттүн чыгышына курулуш материалдарынын кароосуз калгандыгы себеп болгон», — деп айтылат маалыматында.

Белгилей кетсек, өрт саат 21:44тө чектөөгө алынып, саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 45 куткаруучу, 7 өрт өчүрүүчү бөлүм жана 30дан ашык өрт өчүрүүчүлөр тартылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-августта Бишкектеги Манас жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.