Бүгүн жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 3-туру старт алды

Бүгүн, 1-августтан тартып абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 3-туру старт алды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, окуу жайга кабыл алуу 8-августка чейин уланат.

Бул убакыт аралыгында абитуриенттер окуу жайда билим ала турганын ырасташы керек.

Ал эми IV тур – 8-августтан 10-августка чейин, V тур – 15-августтан 20-август чейин уланат. Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.

ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.