Боом капчыгайындагы селден бузулбай сакталып калган мечит элдин назарын бурду

Кечээ, 30-июль күнү Боом капчыгайында катуу жааган жаандан сел жүрүп, чоң унаа жолду жууп кеткендиги маалымдалган.

Боом капчыгайына жакын жайгашкан үйлөрдү сел каптап, бир гана мечиттин бузулбай сакталып калышы көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. «Мечит ыйык, бул Кудайдын кудурети менен жасалган нерсе» деп жазышууда социалдык тармактын колдонуучулары.