Чүй облусунда айып пул төлөбөгөн 30 айдоочунун унаасы алынды

Чүй облусунда “Коопсуз шаар” долбоорун алкагында айып пулдарды төлөбөгөн 30 айдоочунун унаасы тартып алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, 25-31-июль аралыгында Чүй облусунун аймагында ЖКККБ инспекторлору 4 миң 44 жол эрежесин бузууну аныкташты.

Анын ичинен:

– мас абалында унаа башкаруу – 35;

– унааны белгиленген ылдамдыктан ашыра айдоо – 1 миң 792;

– 129 унаа айып аянтчасына токтотулду;

– “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пул төлөбөгөн 30 унаа айып аянтчасына токтотулду.

ЖКККБ айдоочуларды жол эрежесин бузбоого чакырат.