Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланууда

Ош шаарынын муниципалдык турак жай-коммуналдык башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, Ош шаарында жарым жылдыктын жыйынтыгы менен 10дон ашык көп кабаттуу үйлөр жана бир катар административдик имараттар сырдалды.

Ош мэриясынан кошумчалашкандай, учурда бул багыттагы иштер улантылууда.

Белгилей кетсек, үйлөрдү сырдоо муниципалдык кошумча каржылоо программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.