Августтан баштап көмүр ташылып баштайт. Кампалардан алса болот

Август айынан баштап жеке көмүр ташыган айдоочулар Кыргызстандын түндүк регионуна көмүр ташып башташат. Ал калкка, Бишкек шаардык ЖЭБине берилет дешет “Кыргызкөмүр” ишканасынан.

Маалым болгондой, жарандар көмүрдү өлкөнүн түндүгүндөгү кампалардан сатып алса болот.

Азыркы учурда Кара-Кече көмүр кенинде 150 миң тонна көмүр ачылып, даяр турат. Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1450 сомду түзөт. (Аталган баа монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан коюлган). Учурда Кырызкөмүрдүн кызматкерлери кыргыз элин көмүр менен камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иш аракеттерди жүргүзүүдө.