Бишкекте кампадан чыккан өрт чектелип, тонналаган азык-түлүктөр сакталып калды

Бишкекте түн ичинде кампадан ири өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан тонналаган азык-түлүктөр сакталып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жабыркагандар жок.

Маалым болгондой, бүгүн, 30-июлда саат 03:45те Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан кампадан ири өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм, 10 өрт өчүрүүчү унаа, 43 куткаруучу, 60 милиция кызматкери, Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынан 2, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа тартылды.

Өрт саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Көрүлгөн аракеттердин аркасында кампадагы 450 тонна жер семирткич, 300 тонна тамак-аш тузу, 80 тонна өсүмдүк майы, 30 тонна гречка, 10 тонна күрүч сакталып калды.