УКМК: 12 тонна минералдык жер семирткич контрабандалык жүк кармалды

12 тонна минералдык жер семирткич контрабандалык жүк кармалды, – деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, 28-июлда УКМК Баткен бажысынын кызматкерлери менен биргеликте «Боз-Адыр – Баткен» унаа жолунда 2003-жылы туулган КРнын жараны М.И. кармалды.

Жүк бөлүгүн текшерүү учурунда Өзбекстанда өндүрүлгөн 12 тонна минералдык жер семирткичтер табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган жүктүн баасы 480 миң сомду түзүп, ага байланыштуу бул факт Баткен бажысына өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда тийиштүү иштер жүрүп жатат.