Маршрутканын эшигин ачып айдап бараткан айдоочуга 7,5 миң сом айып салынды

Социалдык тармактарда эл ташыган №107 маршрутканын айдоочусу унаанын эшигин ачып айдап бараткан видео тараган.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, айдоочу ичиндеги жүргүнчүлөргө кооптуу абал туудурган.

“Аталган факт КРнын Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык, автоээнбаштык болуп эсептелгендиктен, айдоочуга карата 7 миң 500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, маршрутканын айдоочусу күндүн ысыктыгына байланыштуу эшигин ачып алгандыгын айткан.