$220 млн таза киреше таптык — Акылбек Жапаров “Кумтөрдүн” Кыргызстанга өтүшү тууралуу 

“Былтыр 17-майда тышкы башкаруу киргизилгенден бери 220 млн доллар таза киреше таптык. Башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга алдык”, – деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чоң-Алай районунун кайра түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.

Жапаров өз сөзүндө 30 жылдын ичинде 33 өкмөт башчы, 5 президент алмашкандыгын айтты.

“Акыркы 15 жылдан бери саясий толкундар менен катаклизмден арылбай келдик. Президент Садыр Жапаровдун келиши менен баары өзгөрүүдө. Башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга алдык. Былтыр 17-майда тышкы башкаруу киргизилгенден бери 220 млн доллар таза киреше таптык. Алтындын бардык запастарына өзүбүз ээлик кылабыз! Кумтөр мындан ары Кыргызстандыкы болду. Бул – баарыбыздын күткөн жеңишибиз!”, – деди ал.

Белгилей кетсек, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өткөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

Жетишилген келишим төмөнкү пункттарды камтыйт:

  • “Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.
  • Мындан тышкары, “Центерра” болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөйт.
  • Ошондой эле «Центерра» тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.
  • “Кумтөр” кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион АКШ доллары. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.
  • «Центерра» кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).