Айыл чарба министрлиги: Кыргыз-казак чек арасында өрүк жүктөлгөн унаалар эки күнгө чейин кармалууда

Кыргыз-казак чек арасында өрүк жүктөлгөн унаалардын айдоочулары бир күндөн эки күнгө чейин кармалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кыргыз тараптан чек арадан өтүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок, казак бажысынан жай өтүп жаткандыктан кезек күтүүлөр жаралууда.

“Орто эсеп менен күнүнө өрүк жүктөлгөн 6-7 унаа казак чек арасынан өтөт. Министрлер кабинети жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн тездетүү үчүн бардыгын жасап жатат”, – деп айтылат билдирүүдө.