Ошто сууга чөккөн 6 жашар баланын сөөгү табылды

Ошто сууга чөккөн 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Эркин айылында 2016-жылы туулган М. уулу. С. аттуу бала Савай каналына түшүп кеткен.

Издөө иштерине ӨКМден 21 куткаруучу, ИИМден 18 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам чыккан.

Натыйжада баланын сөөгү 23-июлда саат 20:23тө куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.