Чычкан суусуна агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды

Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 230-чакырымында (Итагар тилкесинде) 24-июль күнү 10 жаштагы А.Б. аттуу бала Чычкан суусуна агып кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине издөө иштерин жүргүзүүгө тогуз куткаруучу, жети милиция кызматкери тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарышкан.

Сөөк милиция кызматына өткөрүлгөн.