Чолпон-Ата шаарында “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы өттү

Бүгүн, 23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух-Ордо” маданий борборунда “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын үчүнчү сезонунун жабылыш аземи болду.

Аталаган фестивалга 20га чукул мамлекеттин атактуу дизайнерлери, кол өнөрчүлөрү, мода индустриясынын адистери катышты.

Долбоордун негиздөөчүсү жана уюштуруучусу – журналист, коомдук активист Назира Бегимдин айтуусунда, долбоор мамлекет тарабынан чоң колдоого алынган.

“Бул көргөзмө атайын Кыргызстанда улуттук мода индустриясын өнүктүрүүгө багытталган чоң долбоорлордун бири болуп саналат”, – деди ал.

«Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалы бул – салттуу билим, маданият, кийимдердин тарыхын даңазалоодо жана аларды таанытуудагы атайын чоң аянт. Төрт жылдан бери долбоор 50дөн ашык мамлекет менен кызматташып, мода индустриясы тармагында ийгиликке жетишти. Долбоордун өкүлдөрү унутта калган салт-санааны, кол өнөрчүлүктү, кийим маданиятын кайрадан жаңыртып, кыргыз кийимдерин дүйнөгө таанытууда, ата мекендик дизайнерлердин эмгектери менен бир топ өлкөлөрдү кыдырып чыккан. Учурда аталган долбоор Азия жана Европа өлкөлөрүндө көчмөн цивилизациясынын маданиятына даңазаланган алгачкы жана жалгыз долбоор болуп саналат. 2020-жылы улуттук кийимдерди таанытуу багытында эл аралык «Жибек Жолу ассоциациясынын» (Франция, Маррокко) тыянагы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турган долбоор катары таанылды.