Ысык-Көлдө кемеден чыккан өрт өчүрүлдү

Ысык-Көл районунун Комсомол айылында “Альбатрос” кемесинин кыймылдаткыч бөлүгүнөн өрт чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө үч өрт өчүрүүчүдөн турган бир бөлүм тартылган.

Бөлүм жеткенге чейин жергиликтүү тургандар өз алдынча өрттү өчүрүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Кемедеги жүргүнчүлөр жергиликтүү пансионаттын кызматкерлери тарабынан эвакуацияланган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.