Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 5 жашар бала аман-эсен табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп аткан 5 жашар бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалматка ылайык, кечээ, 23-июлда саат 14:30 чамасында Тамчы айылынын Жунушов көчөсүндөгү эс алуучу жайдын аймагында (коттедж) 2017-жылы туулган Р. аттуу бала ойноп жүрүп жоголгон.

Жерине ыкчам түрдө издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 2 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылып, баланы аман-эсен табышкан.