Баткенде көмүр шахтасынан газ чыгып, өрт өчүрүлдү

Сүлүктү шаарында жайгашкан көмүр шахталардын биринде газ чыгып, куткаруучулар 220 метр тереңдикте тосмо орнотушту. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Көмүр кен казуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 7 куткаруучу тарабынан өрт өчүрүлүп, күйгөн көмүрлөр сыртка ташып чыгарылды. Адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок жана жабыр тарткандар болгон эмес», — деп жазылат маалыматта.