Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет жасоого шектүү жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, окуя кечээ, 16-июлда болгон. Анда Улуттук хирургия борборуна 1984-жылы туулган М.Г. аттуу аял бычактан жаракат алып түшкөнү маалымдалган. Бул маалыматтын негизинде кайгуул кызматкерлери кылмыш изи сууй электе шектүү делинген 1973-жылы туулган Х. К. аттуу жаранды колго түшүрүштү. Ал ооруканага түшкөн аялдын күйөөсү болгон.

Териштирүү учурунда ал аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктап берген. Шектүү андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлдү.