Бишкекте 14 жаштагы кыз 12-кабаттан кулап кетти

Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 14 жаштагы кыз кулап каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 17-июль күнү саат 02:50 чамасында 102 кызматына Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанынан кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу дароо барган.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, ушул эле күнү саат 02:35 чамасында 2007-жылы туулган Ж.Ж. аттуу кыз Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап кетип, алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.