Кыргызстанда бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп жатат

16-июлда «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Эл аралык пирамида конфедерациясынын президенти, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Павел Завальный жана КРнын Бильярд федерациясынын президенти Бактыбек Кудайбергенов катышты.

Азамат Жаманкулов бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты Кыргызстанда өтүп жатышы менен куттуктап, мыкты спортчулардын өлкөгө келиши чоң сыймык экендигин блдирди:

“Бильярд оюну нагыз күчтүүлөрдүн оюну. Физикалык даярдыктан тышкары моралдык туруктуулукту жана жогорку маданиятты талап кылат. Чемпионатты жогорку деңгээлде уюштуруу менен сиздердин эсиңиздерде кала турган иш-чарага айландыруу максатын көздөйбүз. Баардыгыңыздарга ийгилик!”, – деди министр.

Белгилей кетсек, чемпионатка жалпы 20га жакын өлкөдөн, 200дөй спортчу катыштып жатат. Буга чейин 12-16-июль күндөрү 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө биринчилиги жыйынтыкталды. Ал эми дүйнө чемпионаты 20-июлга чейин уланат.

Мелдешти КТРК Спорт телеканалынын түз эфирде көрсөнүздөр болот.