Жол кыймылынын ар бир катышуучусунун өмүрү маанилүү

Жол кыймылын көзөмөлдөөчү башкы башкармалык ар бир жол кыймылынын катышуучусунун өмүрү, жашына карабастан, баа жеткис деген ураанда жумалык рейддин жыйынтыгын чыгарды.
Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.


Акыркы жумада республикада 17 328 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен:
-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 3476;
-тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 162;

  • ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 6084;
  • жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 967; – автоээнбаштык – 21;
  • ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 45;
    -жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн –5410;
    -айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн -13;
    -мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 172;
    -унаа токтотуучу жайга токтотулду – 784.

  • “Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек”, – деп билдирет
  • КР ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы.