Төрөбаев Бишкектин көчөлөрүн кыдырып, ирригация тармагы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүн, 18-июлда, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кыдырып, ирригация тармагы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбор калаанын бир топ көчөлөрүн кыдырууда агын суунун тартыштыгынан айрым көрктөндүрүүчү жерлер куурап баратканына күбө болгон Бакыт Төрөбаев биринчи кезекте скважина куруу иштерин алып баруу зарылдыгын белгиледи.

“Бишкектин арыктарында суу жок. Союздан калган эски ирригация тармагын жаңылоо кажет. Биринчи кезекте шаардык суу канал ишканасы агын сууларды туура бөлүштүрүү иштерин колго алышы керек. Ошол эле учурда шаардын бардык аймагындагы каналдарды аягына чейин жеткирүү тапшырмасын алышат. Мындан сырткары, кайсыл жерге суу чыгаруучу скважина курса болорун аныктап чыгышат” – деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.