ИИМдин Ички аскерлеринде 2022-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

2022-жылдын 13-июлунда ИИМдин Ички аскерлеринде 2022-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынга ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов катышты. Ыкчам жыйынга командачылык, башкармалыктардын жетекчилери жана Бишкек шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн командирлери катышты. Ал эми, түштүк-батыш аймактарындагы аскер бөлүктөрдүн командирлери онлайн режиминде катышты.

WhatsApp Image 2022 07 13 at 15.26.42 ИИМдин Ички аскерлеринде 2022-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды


Жыйынтыктоодо Ички аскерлердин колбашчысынын орун басарлары жана аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин аткарылган иштери боюнча маалыматтар тууралуу сөз болуп, 1-жарым жылдыкта белгиленген иш-чаралардын аткарылышы жана коюлган тапшырмаларды аткарууга даярдыгы тууралуу маалымат беришти.


Жыйынтыктап жатып, министрдин орун басары 2-жарым жылга карата жаңы тапшырмаларды белгилеп өттү. Октябрь Урмамбетов биринчи кезекте аскер кызматчыларынын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, аскердик кызматтын коопсуздугун, моралдык жана турмуш-тиричилик муктаждыктарын канааттандыруу, өздүк курамдын социалдык-укуктук жактан корголушун камсыздоо, ошондой эле аскер кызматчыларынын арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш алып баруу керектигине токтолду.

WhatsApp Image 2022 07 13 at 15.26.43 ИИМдин Ички аскерлеринде 2022-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды


Жыйындын соңунда министрдин орун басарына Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын кийимдеринин үлгүлөрү көрсөтүлдү.
ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы