Өлкөдө мектептердин директорлорунун бири бул кызматты 41 жыл аркалаган

Кыргызстандагы мектептердин директорлорунун бири бул кызматты 41 жыл аркалаган. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Бишкектеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, беш жылдан ашык иштеген директорлор ордуларынан бошотулат.

Аймактар боюнча:

Ош облусу – 254;

Жалал-Абад облусу – 198;

Баткен облусу – 104;

Нарын облусу – 41;

Талас облусу – 41;

Чүй облусу – 153;

Ысык-Көл облусу – 78;

Бишкек -71;

Ош — 26.

Белгилей кетсек, жарлыкка ылайык, миңге жакын мектеп директорлору кызматтарынан алынат.