Жарандардын ишеничине кирип көп суммада алдап кеткен жаран 5 жыл дегенде кармалды

Жарандардын ишеничине кирип көп суммада алдап кеткен жаран 5 жыл дегенде Ош шаардык ички иштер башкармалагынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды.

2018-жылдын 6-февраль күнү С. Ж аттуу жаран Б. М аттуу жарандын ишеничине кирип Ош шаарында өз ара келишим түзүшүп, жалпы суммасы 1 млн 628 миң 930 сомду түзгөн 38 миң 730 литр дизелдик күйүүчу майын насыяга алып, акчасын 4 күндүн ичинде кайтарып беремин деп алдап качып кеткен. Бул факт боюнча жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде иш козголгон.


2019-жылдын 8-апрель күнү дагы бир Ш. А аттуу жарандын , ишеничине алдоо жолу менен кирип, Ош шаарынын Туран кичи шаарчасынан «Мерседец-Бенц» үлгүсүндөгү автоунасын 5 миң АКШ долларына баалашып, насыяга алып, алдап качып кеткен. Бул факт боюнча да жаза кодексинин 204-беренеси боюнча иш козголот.


Бул факт боюнча, С. Ж тергөө кызматына келбегендиктен анын үстүнөн 2020-жылдын 1-октябрь күнү издөө иши ачылган. Эки жылдан кийин С. Ж тергөөгө камсыз кылынып, айыбы угузулуп кылмыш иши сотко чыгарылган.
Бирок, соттун отурумуна келбей, кайра Ош шаардык соту Н.Эсенбаев тарабынан камакка алынсын деген токтом чыгарылып, 2022-жылдын 25-июнь күнү кайра издөө иши ачылган.


2022-жылы 12-июль күнү издөө-иштеринин натыйжасында С.Ж Баткен облусунун Лейлек районунан Ош шаардык ички иштери башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кармалып, ОШ ШИИБнун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош ШИИБнын басма сөз кызматы