Казакстанга 6 тонна кумшекер алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Кыргызстандан коңшу Казакстанга 6 тонна кумшекер алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6 тонна кумшекер Mercedes-Benz унаасына жүктөлүп, коңшу өлкөгө бара жатканда алынган. Текшерүү учурунда товардын коштоочу документтери болгон эмес.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 17-мартындагы №140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ага ылайык, кумшекерди жана анын түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынган.