ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгында Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарында жайгашкан Ички аскерлердин командачылыгынын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер айымдары катышты. Айымдарды куттуктоо иш-чарасы куттуктоо слайды менен башталды.

WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.13 2 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник Дамир Алыбаев аскер айымдарын келе жаткан майрамы менен куттуктады. «Ата-Мекенди коргоочу кесип эбак эле эркектерге гана эмес, аялзатына да таандык болуп калган десем жаңылышпаймын. Ички аскерлердин аскер айымдары да мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошуп келишүүдө. Аялзаты ар дайым тырышчаактык жана жоопкерчилик менен айырмалып келет. Сиздер өз милдеттериңизге абийирдүү мамиле жасоо менен, аскер кызматында ээлеген ордуңуздар эбегейсиз мааниге ээ», – деди өз сөзүндө полковник Дамир Алыбаев.

WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.13 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү


Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Ички иштер министринин жана Ички аскерлердин колбашчысынын буйругу менен бир катар аскер айымдары медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.

WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.14 1 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү


Белгилей кетсек, Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чаралар ИИМдин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө өткөрүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.14 2 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү
WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.14 3 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү
WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.15 1 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү
WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.15 2 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү
WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.16 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү
WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.15 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү
WhatsApp Image 2022 03 07 at 12.58.15 3 ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин
Ички аскерлеринин басма сөз кызматы