Россиянын Smartavia жана iFly авиакомпаниялары Өзбекстанга учууларын токтотууда

MOSCOW REGION, RUSSIA - MARCH 4, 2020: The first Airbus À350-900 aircraft of the Aeroflot - Russian Airlines named after Russian composer Pyotr Tchaikovsky during the unveiling ceremony at Sheremetyevo International Airport. Sergei Bobylev/TASS Ðîññèÿ. Ìîñêîâñêàÿ îáëàñòü. Ñàìîëåò Airbus À350-900 àâèàêîìïàíèè "Àýðîôëîò", íàçâàííûé èìåíåì êîìïîçèòîðà Ïåòðà ×àéêîâñêîãî, âî âðåìÿ òîðæåñòâåííîé ïðåçåíòàöèè ñàìîëåòà â àýðîïîðòó Øåðåìåòüåâî. Ñåðãåé Áîáûëåâ/ÒÀÑÑ

Орусиялык Smartavia жана iFly авиакомпаниялары Өзбекстанга учууларын токтотууда. Бул тууралуу «Узавиация» мекемеси билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Smartavia компаниясы 7-марттан тартып Москва-Ургенч-Москва каттамын токтотот.

iFly авиакомпаниясы 5-марттан тартып Өзбекстандагы бардык каттамдарын белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Буга чейин «Аэрофлот», «Россия», «Аврора» жана S7 авиакомпаниялары да Өзбекстанга каттамдарын токтоторун жарыялаган.

Украинадагы кырдаал курчугандан кийин батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларын кеңейткен. Орусиялык авиакомпаниялар үчүн АКШ , ЕБ өлкөлөрү жана башка бир катар мамлекеттер аба мейкиндигин жапкан.

ЕБ орусиялык авиакомипанияларга учактарды, жабдыктарды жана тетиктерди сатууга жана 28-марттан кийин лизингге берүүгө тыюу салган. Ага чейин европалык өндүрүштөн чыккан учактар (анын ичинде Airbus) лизинг ээсине кайтарылышы керек.